Окуялар

Ууру видеокөзөмөл аркылуу колго түштү (Видео)

Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу интернет клубдардын биринде отурган адам жанындагы жигиттин телефонун уурдаганы видеого түшүп калган.

Интернет клубда уктап калган адамдын чөнтөгүнөн телефонун уурдап кеткен адам тез эле кармалды кармалды. Бул тууралуу, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Байтик Баатыр – Дружба көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет клубдан белгисиз адам С. аттуу жарандын чөнтөгүнөн 13 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткен. Уялдук телефонду уурдап жаткан учур, көзөмөл камераларына түшүп калган.

Аз өтпөй аталган кылмышка шектелип, 46 жаштагы Г.К. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда телефон уурдаган адамдан мурда-кийин жабыркагандар болсо  милицияга кайрылсаңыздар болот.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button