Троллейбуста өспүрүм кызга ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды

Россияда кыргыз жараны коомдук унаада окуучу кызга тийишкени үчүн милицияга кармалды.
Москва шаарында 25 жаштагы кыргыз жараны жаш кыздарга троллейбуста ыплас аракеттерди көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу, орусиялык ММК булактары маалымат таратты.
Троллейбуста бара жаткан 14 жаштагы кыздардын бирине белгисиз адам ыплас аракеттерди көрсөтүп баштаган. Коомдук унаанын ичинде көпчүлүк болгондуктан, кыз троллейбустун ичинен эч кимди жардамга чакыра алган эмес. Бирок, жерге түшкөн соң ал классташтарына арызданып, алар менен биргеликте ыплас аракеттерди көрсөткөн адамды курчап алышып, милицияга телефон чалышкан.
Өспүрүм кызга тийишкен кылмышка шектүү 25 жаштагы кыргыз жараны экени анык болгон. Кыргызстандык жарандын колуна кишен тагылып, учурда тергөө иштеринде сурак берип жатат.
Abal.kg



