Окуялар

Блогер Сыдыманов эки айга камакка алынды

Аймактар аралык кастыкты козутту деген блогер Sydyman эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук соту блогер Элмир Сыдымановду №1 СИЗОго эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эми блогер сотко чейинки тергөө амалдары аяктаганга чейин ошол жакта болот.
Instagram тармагында Sydyman деген лакап ат менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдыманов 17-февралда расалык, этникалык, улуттук диний жана аймактар аралык кастыкты козутту деген шек менен кармалган.

Блогер негизинен кечинде түз эфирге чыгып өлкөдөгү окуялар жана башка нерселер боюнча оюн билдирип турчу. Ошондой эле, түз эфир учурунда аны көрүп жаткандарга буйрук берип, ойго келбеген нерселерди жасоого түрткөн. Мисалы, кыздарга ар кандай сындарды, кеңештерди айтып, макияжын жуушу керектигин, ал эми  айрымдарына азыр барып башыңды жуу деген сыяктуу буйруктарды берип келгени айтылат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button