Саясат

Ат-Башыда жашагандар жөлөк пул алышабы? Өкмөт эмне дейт?

Акыркы кездерде Кыргызстанда туура эмес, жалган,такталбаган маалыматтарды таратып, элди козуткан адамдардын саны арбыды.  

Жакында эле Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушу токтоп калганына байланыштуу:  “эми Кыргыз Өкмөтү Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпулдарды төлөбөй калуусу мүмкүн экен” деген сыяктуу жалган маалыматтарды белгисиз тараптар  чыгара баштаган. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов Фейсбуктагы баракчасына кайрылуу жасады. Ал:

“Урматтуу кесиптештер,

Бийик тоолуу райондордун, анын ичинде Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпулдар төлөнбөй калуусу мүмкүн экендиги тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын Өкмөтү мындай чечимдерди демилгелеген эмес. Бул сыяктуу акылга сыйбаган имиштер белгилүү бир саясий чөйрөлөр аркылуу өздөрүнүн конъюктуралык кызыкчылыктарын көздөп жайылтылууда деп эсептейбиз”,- деген билдирүүсүн жазды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button