Коом

Бишкектин өрт кызматынын шаймандары 16-кабатка гана жетет

Депутат Айсулуу Мамашова өрт өчүрүүчүлөрдүн шаймандары канчанчы кабаттагы өрттү өчүрүүгө жетерине кызыкты.

Бүгүн парламентте “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору” биринчи окууда каралды.
Эл өкүлүнүн суроосуна ӨКМдин өкүлү майор Бейшекеев жооп берип, ар бир райондо 9 кабатка жете турган 30 метрлык шатылар бар экенин белгиледи. Аны менен катар эң узун автошаты Бишкекте экенине токтолду. 50 метрге жеткен автошаты 16-кабаттагы өрттү өчүрүүгө жете турганын айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button