Маданият

Чыңгызхан Кожош: “Төкмө болуш үчүн “өнөргө дубана” болуш керек»

Кыргыз эли сөз баалаган улуу эл эмеспи. Улуулугунун дагы бир касиети бул — төкмө акындардын болгондугу. Бүгүн биз жаш төкмө акын Чыңгызхан Кожош менен чыгармачылыгы, алдыда өтө турган концерти тууралуу маек курдук.

— Кыргызда талант кандан өтөт деп коёт. Анын сыңары, сиздин төкмөлүккө аралашып калууңузга ким түрткү болгон же, тукумуңузда төкмөлүк өнөрдү аркалагандар бар беле?

— «Манасчы чыккан кыргыздан, жамакчы кантип чыкпасын» деп Амантай Кутманалиев агабыз айтмакчы, ата-бабаларым сөзмөр, жамакчы кишилер болуптур. Чоң атам санжыраны мыкты билген, чоң апам жамакчы адам болгон. Таякелерим жак дагы сөзмөр адамдар. «Кан тартат, кан тартпаса жан тартат» дегендей,  ошол себептен чыгармачылыкка аралашып калдым окшойт. Төкмөлүккө универститетти бүткөндөн кийин, 23-24 жашымда аралаштым. Алгач, «Айтыш» коомдук фондуна барсам, Амантай Кутманалиев устатыбыз бар экен. Салт боюнча учурашып жамактап ырдадым. Амантай агабыз Тукам (Тууганбай Абдиев) «дың» десе эле жарайт дечү. Жарайсың, көрөңгөң бар экен» деп акыл-кеңешин айтты. Ошол менен  акырындап,  өнөргө кызыгуум артты. Төкмөлүк мага берилген белек экенин түшүндүм.

— Алгачкы айтышыңыз эсиңиздеби?

— Алгачкы айтышым “жаш таңдай” болсо керек. 2013-жылы ыраматылык Акжолтой Канат уулу экөөбүз айтышканбыз. Негедир, жаш талант катары чыкканга, анын үстүнө ошол учурда жаштардан алгачкылар болуп чыкканга эл жакшы колдогон. Бирок, финал буйруган эмес.

— Төкмөлүк өнөрдү аркалоодогу жүк…

— Ысмайыл Борончиев атабыз “ырчылык деген убара, алыңа ченеп кубала. Башынан кудай бербесе, Баш ийбейт айткан дубаңа” деген сыңары, төкмөлүк өнөрдү аркалоо оор. Баары төкмө болуп кетпейт. Атанын каны менен,  эненин сүтү менен өткөн касиет,  анан, албетте  эмгек, өжөрлүк, акынга таандык мүнөз,  эрк  керек деп ойлойм.  Биз айтыш фондго барганда устаттарыбыз “он бала келсе ошонун 1-2 си эле калат” деп айтышчу.  Чындыгында, сахнанын алдында күлүп-жайнап жүргөнүң менен сахна артында өзүнчө түйшүк бар. Ошонун артынан сая түшкөндөр гана келе жатат. Төкмө болуш үчүн “өнөргө дубана” болуш керек. Бирок, анын да жыргалы бар. Элдин колдоосу, кол чабуусунан ырахат алып, айлап-жылдап эйфорияга батып жүрөбүз. Бул да өзүнчө озуйпа. Жараткандан берилген белек.

— Улуу өнөрдү аркалоодогу устатыңыз ким?

— Устат деген түшүнүк илгертеден келе жатат. Бирок, ошентсе да азыртадан бери ар бир акындын өзүнө таандык мүнөзү, чыгармачылык боёктору болот. Мен үчүн акындык жолдо келе жаткан улуу муундун баары устатым.  Ар кимисинин үлгү тутуп, өрнөк алчу өздөрүнө таандык сыпаттары бар. Баары көргөн жерде аталык, агалык сөзүн атйышат. Маселен, Замирбек Үсөнбаев атабыздын шар төгүп, ток этер жерин ырдагандыгы,  аткаруу чеберчилиги жогору. Ийинине жеткире аткарат. Ар бирөө акылын айтып, чыгармачылык жолдогу сапарды улап келе жатабыз. Акыркы убактарда жакындан колдоо көрсөтүп, ушул чыгармачылык кечеме багыт берип, башында туруп, аксасам акыл айтып, кейисем кеңеш-берип,  өнөр жолунда саяпкер болуп,  Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев агаларыбыз  шык берүүдө. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем.

Чыгармачылык кече деп калдыңыз. Качан, канчасы, кайсы жерде болгону жатат?

— Кудай буюрса, марттын 17-си Т.Сатылганоов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында чыгармачылык кечемди өткөзүү алдында турам.

Демек, чыгармачылык изденүүдө экенсиз. Эмне өзгөчөлүктөрдү кылсам деп жатасыз?

— Азыр кайсы чыгармачыл адам болбосун окшоштуктан качканга аракет кылып, өзгөчөлөнгөнгө умтулса керек.  Мен дагы жаңылык жарата турган өзгөчө концерт койсом деп даярданып жаткан  учурум. Төкмө акындык ар тараптуу өнөр. Ошонун баары боюбузда түгөлү менен болбосо дагы акындык, ырчылык, аткаруучулук жөндөмдөрүбүздү эл сынына коёлуу деп турабыз. Айрым ырларыбызга  азыркы өнөр майданында мыкты обончулардын катарында келе жаткан Баян Акматов, Калыбек Турганов, Жылдызбек Төрөканов, кытайлык кыргыздардан чыккан өнөрпоздор Гүлкайыр Айбаш кызы, Ишен Мухтар уулу сыяктуулардын обондору чыккан. Буйруса, элдин назарына коебуз.  Ал эми, «адамдын көркү чүпөрөк» деп коет эмеспи, сахна ошондой көрктү, сулуулукту талап кылат да. Кийим-кече жагынан «SHERDEN» брендинин негиздөөчүсү, дизайнер Миррахим Опош менен иштешип жатабыз. Концерттин режиссёру биздин белдүү режиссёрубуздун бири Алтынбек Максүтов. Анын изденүүсү, кыял чабыты такыр башкача. Ошол себептен, агабыздын кеп-кеңеши, бизге көрсөткөн жолу аркылуу, буйруса элдин купулуна толо турган кече болот деп ойлойм.

Төкмө акындардандын арасынан кантип суурулуп чыкса болот?

— Кардын бүртүкчөлөрүн илимпоздор изилдешип бирок алар бирине-бири окшобойт деген жыйынтык чыгарышкан. Аны сыңары, ар бир акындын ажары, чыгармачлык жөндөмү, ой-толгоосу, дарамети ар башка. Бири-бирине окшобойт. Мисалы Калык атабыз бетке чаап, курч ырдаган акын дейт, а Барпы атабыз лириканы кемелине келтире ырдаган дешет. Алар ошонусу менен кайталангыс, бири-бирине салыштырып көрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү устаттарыбыз деле  ар кимиси өз жүзүн ачып, багытытын тапкан үчүн элдин сынына толуп, батасына арзыды деп ойлойм.

— Айтыштан эң аз упай алып иренжип, же басынып калган учур болду беле?

— Андай учур көп эле болгон. Мен мен деген акындарда да болгон. Кайсы бир айтышта Ашыраалы Айталиев Тууганбай Абдиев аталарыбыз да кулаган учур болуптур.Менимче, акын дайыма эле бир тапта боло бербейт. Элдин кабыл алуусу, колдоосуна жараша болот. Андай учурду трагедия катары кабыл албаш керек.

Айтыш жаш тандайбы?

— Ооба, жаш тандайт. Жаштардын жаштык жигери, деми болсо, улуу муундун  бай тажрыйбасы бар. Бирок, илгери Ысмайыл Борончиев атабыз айтмакчы эл улам чыккан жаңыны көргүсү келип турат.

Төкмө акын кыздардын аздыгы эмнеден улам болушу мүмкүн?

-Бул жагынан боордош казак калкы менен салыштырсак болот го дейм. Аларда төкмө акындары көп,  ошонун ичинде аял затынан чыккандары теңме-тең болбосо дагы үчтөн бири чыкса керек. Бизде калктын саны, элдин мүнөзүнөн болсо керек. Бизде, кыз кишиге бир аз оор. Эл көзүнө, эл жүгүн аркалоо  ар тараптуу түйшүктүү.

Маектешкен Ырысгүл Изатова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button