Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентте ант берүүгө катышат
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда парламенттин жалпы отурумуна катышат. Кыргызстандын мамлекет башчысы жыйынга Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө байланыштуу катышат.
Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө жаатында айрым маанилүү маселелердин айланасында да сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эскерте кетсек, Конституцияга ылайык, өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү президенттин катышуусу менен өтөт.
Abal.kg



