Саясат
Жээнбеков: Жеңиштин 75 жылдыгы эң жогорку деңгээлде майрамдалат
Парламентте сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы жалпы эл тарабынан эң жогорку деңгээлде майрамдала турганын маалымдады.
«Биз ата-бабабыздын эрдигин жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Тарыхты кайра жазуу аракеттеринде кескин күрөшөбүз. Биздин келечек үчүн жанын кыйып, өз өмүрүн арнаган аталарыбыздын элесине терең урмат менен таазим этип, дайыма эскерүүгө милдеттүүбүз», — деди Жээнбеков.
Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет.
Abal.kg