Саясат

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров канча айлык алат?

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров бардык төлөмдөрдү кошкондон кийин 56 миң сомду түзөрүн айтты. Ал азыркы маалда компанияда бардыгы болуп 44 киши иштей турганын маалымдады.

Компанияда иштегендердин орточо айлыгы 22-25 миң сомду түзөт.
“Менин айдоочум жок, кызматтык автоунаам жок, өзүмдүн унаамды айдайм. Бизде болгону бир кызматтык машина бар. Аны орун басарым колдонот”, — дейт ал.

Назаров ал компанияга жетекчи болуп келгенге чейин холдингдин бюджети 74 миллион сом болгонун маалымдады. Бирок ал келип, бюджетти оптимизациялоо менен анын көлөмүн 53 миллион сомго кыскарткан.

Эскерте кетсек, Назаров буга дейре Жогорку Кеңештин депутаты болчу, былтыр 2019-жылы Улуттук энергохолдингге башчы болуп келген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button