Коом

“Чыпалак баатыр” партия түзүп, программасын жарыялады

Элди эриктирбеген Зарылбек Аликенов аттуу жигит бар. “Чыпалак баатыр” аттуу каймана ат менен таанылган. Ал келээрки шайлоого азыртадан даярданып, “Күчмэн” партиясын түзгөнүн жар салды, а түгүл партиянын программасын да социалдык тармактарга жазып, элдин сынына койду.

Ал:

“Көңүл бургула мага!
Шайлоо жакындап келатат, менин элдерим, канат фанаттарым, барыңар ойгонгула! Менин жаныма катар-катар тизилгиле, мени колдоп шайлагыла демекчимин.

Бүгүндөн баштап күч топтоп, акыл топтоп аракет кылалы ээ.

“Күчмэн политическая сила, ум, надо сил, надо и все будет хорошо Кыргызстан”. Башка партияларга ишене көрбөгүлө! Бир гана мага ишенгиле.

Беш кадам эң  негизгиси:

1.Чек ара жерлер бүт чечилип тосулат, бекемделет. Кыргыз жерлер эч кимге берилбейт, сатылбайт деп Конституция жагына жазылат мыйзам болуп.

2. Метро ылдам жүрчү поезддер курулуп, туризм үчүн бүт жагынан өнүгүп баштайт.

3. Өздүк  өндүрүш жагыбыз өнүгүп, бизнес болобу, завод-фабрикалар курулуп, жумуш орундар элдериме берилет, элдерим бай болуп жашап баштайт.

4. Коорупция же ууру чыккынчылар үчүн өлүм жаза катуу тартип орнотуп баштайм.

5. Кыргызстан тил, маданият, тарых, өнөр  билим илим жагынан биринчи орунга чыгат демекчимин.

“Чыпалак баатырдын”  жазганында ар бир сүйлөмүндө грамматикалык ката болгондуктан, сүйлөмдүн мазмуну калды, бирок каталары оңдолуп жазылды.

Abak.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button