Коронавирустан Кытайдын белгилүү режиссёру жана актёру үй-бүлөсү менен көз жумду

55 жаштагы режиссер Чанг Кай Ухань шаарында үй-бүлөсү менен жашачу. Коронавирусту режиссердун атасы жуктуруп келген. Анда январь айынын ортосу эле. Режиссер атасын ооруканага жаткырууга аракет жасаган, бирок, эч бир ооруканада орун жок болгондуктан, аны бардык жерде кабыл алуудан баш тартышкан.
Режиссердун атасы 28-январда башка үй-бүлө мүчөлөрүнө бул вирусту жуктуруп, анан каза болгон. Арадан көп өтпөй эле апасы да бул дарттан көз жумган. Андан кийин эле режиссер Кай өзүн жаман сезе баштаган.
Режиссер 14-февраль күнү каза болсо, ага удаа эле карындашы да көз жумган. Ал эми режиссердун аялы ооруканада оор абалында жатат.
Чанг Кайды жана карындашын өлөөр алдында гана ооруканага жаткырышкан, бирок дарыгерлер жардам бере алышкан эмес.
Чанг Кай Ухандагы Hubei Film Studios киностудиясында режиссер жана продюсер болуп эмгектенип, бир нече тасма тарткан.
Ал өлөөрүн сезип, досторуна жана жакындарына коштошуу катын жазып кеткен.
Abal.kg