Коом

Өзбекстандан алынып келинген 8 автобус жана таштанды ташыган 12 унаа ишке кирди

Чүй облусунун Аламүдүн айыл аймагында жергиликтүү бийликтин аракети менен муниципалдык коомдук транспорт ишке кирди.

Бул аракеттер кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн 2018-2021-жылдарга карата экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча программасынын алкагында ишке ашкан.

Ишке ашырылып жаткан келишимдин алкагында Өзбекстандын Самарканд аймагынан ISUZU маркасындагы 12 техника алынып келген. Анын сегизөө жүргүнчү ташыган автобус болсо, экөөсү таштанды чыгара турчу атайын машина. Калгандары инфраструктураны оңдоодо колдонула турчу техникалар. Алардын бардыгы айыл аймактагы муниципалдык мекемелерге берилди.

Айыл аймактын башчысы Найзабек Көлбаевдин айтымында, алып келинген техникадан улам эки муниципалдык жаңы кызмат ачылып, 46 жаңы кызмат орду түзүлөт. Бул өз кезегинде ички миграцияны токтотууга аз да болсо өз салымын кошот дейт айыл аймактын башчысы.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button