Австралияда коронавируска каршы вакцина колдонууга даяр

Дүйнөнү кооптондуруп жаткан коронавируска каршы дарыларды дүйнөдөгү бардык илимпоздор изилдеп жатышат. Бирок бул вирус жер шарына тамырын акырындап жая баштады.
Коронавирус Түштүк Кореяда кескин өсүп атканына кооптонууда. Ушул ишемби күнү эле 87 адам бул вирусту жуктуруп алганын дарыгерлер айтышты. Баш-аягы 433 адам жуктуруп алган. Алардын көпчүлүгү Тэгу районунда катталган. Андан тышкары да шаардын башка райондорунда катталууда.
Түштүк Кореянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Кан Лип коронавирус тууралуу буларды айтты:
“Бул дартты алдын алуу боюнча көп иш чаралар өтүп жатканын, бирок вирустун экинчи фазасы күч алганын айтты. Дэгу жана Чондо райондорунда да вирусту жуктуруп алгандар катталууда, бирок алар эч кандай оорулуулар менен контактта болбогонун айтышууда”,- дейт.
Ал эми Япониядагы Diamond Princess, лайнери дале карантинде турат. Ишемби күнү Улуу Британиянын жарандары жана башка европа өлкөлөрүнүн жарандары өз мекенине кайта башташты.
Короновирус Австралияга барган эки жүргүнчүдөн да катталды. Ал эми Автралиянын илимпоздору коронавирустун жаңы вакцинасы даяр болгонун жар салышты.
“Клиникалык дарылоого чейинки иликтөөлөрдө бул вакцина биз күткөндөй иммунитетти көтөрөт. Бирок бул вакцинаны адамдарга колдонуп көрүүдөн мурда анын организмине терс таасир тийгизчү башка себептери жокпу, ошону текшеришибиз керек”,- дейт илимпоздор.
Ал эми Кытайдын дарыгерлери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир суткада 400 адамга азайганын жазышты. Алардын көпчүлүгү Хубэй провинциясында. Ушул провинциядан коронавирус планетага тарай баштаган.
Эскерте кетсек, жалпы Кытай боюнча коронавирусту жуктуруп, ооруп жаткандардын саны 76 миң болсо, алардын 2300дөн ашууну каза болуп калышты.
Abal.kg