Ошто байге фонду 1 миллион сом болгон көк бөрү боюнча турнир аяктады

Ошто Талас облусу менен Ош облусунун көк бөрү боюнча командаларынын ортосундагы эки күнгө созулган мелдеш аяктады. Турнир “Төлөйкөн” ат майданында болуп, ага 20 миңден ашык көрүүчү келген.
Эки команданын оюнуна расмийлерден Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев, муфтий Максат ажы Токтомушев, Талас жана Ош облустарындагы көк бөрү федерацияларынын башчылары, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев катышкан. Ошондой эле көк бөрүнүн күйөрмандары келишкен.
Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы боюнча Талас облусунун “Талас” командасы биринчи болуп 300 миң сом утса, экинчи орунга Кара-Буура районунун командасы татып 200 миң сом алган. Үчүнчү орун “Бакай-Ата” командасына буюруп, алар 100 миң сом алышты.
Калган командалардын жыйынтыгы төмөнкүдөй:
4-орун “Манас” командасы, 70 миң сом;
5-орун Ноокат районунун командасы, 60 миң сом;
6-орун Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы 50 миң сом;
7-орун Кара-Суу району, 40 миң сом.
Abal.kg