Дүйнө

Түштүк Кореяда коронавирус күч алып, каза болгондор көбөйө баштады

Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 23-февралга карата 78 миң 767 киши коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми оорудан каза болгондордун саны 2461ге жеткен. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган 23 миң 212 адам айыккан.

Учурда Түштүк Корея коронавирус эң көп жайылган Кытайдан кийинки экинчи өлкө болуп калды. 24-февралдагы расмий маалыматтар боюнча Түштүк Кореяда коронавирустан  жети киши набыт болду.

Ал эми бүгүнкү күндө Түштүк Кореяда 763 киши ооруну жугузган. Бул бир сутка мурдагыга караганда, 161 учурга көп.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button