Окуялар

Түрмөдө отуруп, элди коркутуп, телефон чалган адам кармалды

Кечээ 23-февралда “Бишкектеги соода борборлорунун биринде террордук чабуул жасалат” деп телефон чалган адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматка ылайык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) абакта отуруп, Мекеменин Чүй облустук башкармалыгына телефон чалуу 23-февралда түштөн кийин болгон.

Бул факт Жазык кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында телефон чалган адам 30 жаштагы Тагир Султанбеков экени, ал мурда да ушундай жоругу үчүн соттолгондугу аныкталды. Мындан тышкары ал буга чейин алдамчылык, тоноо, пара талап кылуу деген беренелердин негизинде да эркинен ажыратылган.

Ал ушундай кылмыштары үчүн 2018-жылдан тартып Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү колониясында отурат.

Сурак учурунда Султанбеков телефон чалганын мойнуна алып, бул жоругун колониядагы коркутуулар менен түшүндүрдү.

Эскерте кетсек , Жазык кодексинин 239-беренесине ылайык, террордук акт жасоо коркунучу үчүн адам 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button