Текебаев Өкмөттү “шалтурук” деп сындады эле, анын өткөн мезгилдеги кемчиликтерин да эске салышты

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып, өкмөттү сындады. Текебаев өлкөдө экономика, инвестициялык, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөттү күнөөлөдү.
«Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул — коркунучтун жеткен чеги» ,- деген сын айтты.
Өмүрбек Текебаевдин мындай сын-пикирине Өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев жооп берди. Ал:
-Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өмүрбек Текебаевдин өлкөдөгү кырдаал жөнүндө эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес деп эсептейт.
“Бир кыйла образдуу жана өтө субъективдүү баалоону башталып калган шайлоо алдындагы кампаниянын өңүтүнөн кароо керек. Анын үстүнө мыйзам менен көйгөйлөрүн алигиче чече элек саясатчынын абалын эске алуу зарыл.
Биз Өмүрбек Текебаевдин жөнөкөй эле логикага туура келбеген, баарын — түкүргөн үчүн айыпты да, чет элдик студенттерди дагы, ал тургай логистикалык борборду да аралаштырып айткандарына түшүнүү менен мамиле кылабыз.
Белгилүү болгондой, айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл Омполдогу уран кенин тарыхына байланыштуу Текебаев учурдагы Өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында кандай?
Уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы Өкмөт берген. Ошол Өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган — башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок? Анын кесиптештери жарандардын талкуусуна чыгарбастан, түкүрүк үчүн айып каралган чийки, чала иштелген Бузуулар жөнүндө кодексти кабыл алганда эмне үчүн анын үнүн уккан жокпуз? Анда эл парламент кандай жаңылыкты кабыл алып жатканын билген эмес. Учурдагы Өкмөт күчөтүлгөн тартипте күчүнө кирген Кодексти өзгөртүүгө, тартипти көзөмөлдөөнү жана айыпты өндүрүүнү ойлонуштуруп, чоң иштерди уюштурууга туура келди. Бирок Өкмөткө мураска калган, акырындык менен мина болуп жарыла турган өлкө үчүн кооптуу болгон мындай тизмени дагы атай берсе көп.
Шайлоо жакындап, айрым саясатчыларда адаттагыдай чыңалуү башталганын түшүнүп турабыз.
Коомчулук белгилүү саясий оюнчулар карасанатай максаттарды көздөп, премьер-министр Абылгазиевди мезгил-мезгили менен ар кыл талкууларга аралаштырып жана аны «отставкага» кетирип жатканына коомчулук көнүп калды. Парламенттик шайлоонун алдында мындай аракеттер күчөйт деп болжолдоого болот. Премьер-министр мындай жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат жана баштагыдай эле күнүмдүк ишине басым коёт. Бул иштин жыйынтыгын алды менен бардык жарандар сезүүгө тийиш. Алардын баасы биринчи кезекте премьер-министр үчүн да маанилүү”,- Өкмөт башчынын маалымат катчысы.
Ал эми интернет тармактарында Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ар бир айткан сынына, сөзүнө нааразы болгондордун саны арбыды. “Текебаев түрмөдөн чыгып, сабырдуу, калыс сөзүн айтат го десек, эмоцияга алдырып, баягы эле сындамай, каргап-шилемей, элди дүрбөткөнүн калтырбаптыр” деген сыяктуу сындар айтылууда.
Abal.kg