Коом
Бишкектеги Ататүрк паркы Түркиянын эсебинен оңдолот

Бишкектеги Ататүрк паркы Түркия тарабынан бөлүнгөн гранттын эсебинен оңдолорун мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Паркты оңдоо боюнча долбоор түрк тараптын кароосуна жөнөтүлгөн. Аны иштеп чыгууга Бишкек башкы архитектурасынын, Бишкек жашыл чарбасынын адистери катышкан.
2018-жылы жазында Бишкек мэриясы менен түрк дүйнөсү муниципалитеттеринин союзу паркты 500 миң долларга оңдоо боюнча грант берүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.
Abal.kg



