Коронавирус эпидемиясы дүйнөгө жайылып пандемияга айланабы?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус кечээ, 24-февралда коронавирустун пандемиясы башталуу коркунучу бар экенин билдирди.
Коронавирус эпидемиядан пандемияга өтө турганын, андыктан даярдануу үчүн дүйнө коомчулугу мүмкүн болгон нерсенин баарын кылышы керектигин айтты.
Гебрейесустун бул билдирүүсү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Твиттердеги расмий баракчасына жарыяланган.
“Коронавирус эпидемиясы дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү өлкөлөргө ар түрдүү таасир тийгизип, жекече мамиле кылууну талап кылууда. Албетте, COVID19 вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнү тынчсызданууну жаратат”, – дейт ал.
Бирок башкы директор Гебрейесус бүгүнкү күндө “пандемия” сөзүн колдонуу чындыкка жатпайт, ошентсе да коркунуч жаратат дейт.
Эскерте кетсек, пандемия – бул жаңы оорунун дүйнөлүк масштабда жайылышы.
Abal.kg