Дүйнө

Египетти 30 жыл башкарган президент Хосни Мубарак каза болду

Египетти 30 жыл башкарган президент Хосни Мубарак 92 жашында каза болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Мубарактын баласынын айтымында, атасынын ден соолугу өткөн жумада кескин начарлап, аскер госпиталына жаткырылган.

Хосни Мубарактын жаш кези

Белгилей кетсек, Хосни Мубарак Египетти 1980-жылдан 2011-жылга чейин революция болгонго дейре башкарган. Ал нааразычылык акциялары курчуп кеткендиктен отставкага кетүүгө аргасыз болгон.  Хосни Мубарак мурдагы президент Анвар Садат аскер парады учурунда өлтүрүлгөндөн кийин бийликке келген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button