Гүлзат Мамытбек кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал

Кыргызстанга, жалпы планетага дем берем деп, элди мотивацияга чакырган Гүлзат Мамытбек бир топ убакыттан бери мурдагы жолдошу Талант Курманкулов менен соттошуп жүрөт.
Кечээ Жогорку сот Гүлзат Мамытбектин жолдошу Талант Курманкуловду актаганын анын адвокаты Икрамидин Айткулов айтты.
Адвокатынын айтымында Гүлзат Мамытбек өткөн жылы милицияга арыз менен кайрылып, анын мурдагы жолдошунун сабаганын айтып, видеосун да интернет тармагына тараткан. Буга чейинки соттук эки инстанция Талант Курманкуловдун күнөөсүн жок экенин айтып, актаган эле.
Бул боюнча иш Жогорку сотко чейин барган. Акыры Талант Курманкулов ал жактан да акталды. Себеби, Гүлзат Мамытбектин жазган арызынан негиз табылган жок. Ал эми Талант Курманкуловдун адвокаты Гүлзат Мамытбектин жалган көргөзмө берип, жалган арызы үчүн анын үстүнөн арыздана турганын айтты.
Эске салсак, Гүлзат Мамытбек мурдагы күйөөсүндө калган балдарын ала албай жатканын айтканы коомчулукка белгилүү. Акыркы жолу Гүлзат айым балдарына жолукканы келгенде аны мурдагы жолдошу сабаганын айткан эле.
Abal.kg



