Саясат
Бишкек мэриясынын алдында инвестициялык кеңеш түзүлдү
Бишкек мэриясынын алдында инвестициялык кеңеш түзүлгөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тийиштүү токтомго мэр Азиз Суракматов кол койгон.
Бул кеңеш негизинен туруктуу иштеп, калаанын экономикасына инвестиция тартууда
кеңешүүчү орган болуп саналат. Ошондой эле, мэриянын бирдиктүү инвестициялык
саясатын иштеп чыгууга жардам берет.
Кеңеш эң аз дегенде бир кварталда бир жолу чогулуп, алардын жыйындары мэриянын социалдык тармактардагы баракчаларында түз көрсөтүлөт. Чогулуштардын жыйынтыгы мэриянын сайтына жарыяланат.
Кеңештин төрагасынын милдетин мэр Азаз Суракматов, анын орун басары – биринчи вице мэр Алмаз Бакетаев. Кеңешке ири 25 компаниянын жетекчилери мүчө болду.
Abal.kg



