Маданият

Россияда бий боюнча өткөн турнирде кыргызстандыктар жеңишке жетти

Кыргызстандык бийчилер спорт-бал бийлери боюнча “Латын квартал кубогу — 2020” эл аралык турниринде жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Мелдеш Россиянын Красногорск шаарында өтүп, ага 21 мамлекеттен 2,5 миң жуп катышкан. Кыргызстандын намысын Дмитрий Блинков менен Асаль Мамбетова коргогон. Алар “RS, юниорлор 2+1 латиноамерика программасы” жана “Юниор-2” категориясы боюнча алтын медаль алышкан.

Башка категориялар боюнча ат салышкан кыргызстандык жуптар Говард Чолпонбаев менен Айбийке Нурланова күмүш алса, Александр Шефлер менен Кристина Мельникова коло байгеге татыган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button