Алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
ИИМдин КМКнын кызматкерлери ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүү учурунда алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жарандарды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМ Басма сөз кызматы маалымдады.
2019-жылдын август айында Сокулук РИИБге Чүй облусунун жашоочусу кайрылып, алдоо жана алдамчылык жолу менен ири материалдык чыгым келтиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Арызда, 2013-жылы жайында Аман жана Эсен аттуу адамдар ишенимге кирип, жер тилкесин алып беребиз деп 2002-жылы чыккан «Toyota Harrier» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алышып, изин жашырып, качып кетишкендигин билдирген. Автоунаанын баасы 8500 АКШ доллары турат.
Аталган факты КЖБРге катталып, Сокулук РИИБде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жакында ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген эки жаран кармалып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кармалган жарандар Аламүдүн районунун жашоочусу 1985-жылы туулган О.А. менен 1985-жылы туулган Б.Х. аттуулар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат.


Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Abal.kg