Окуялар

Арстан Алайдын уулуна кол салуу болду

Өзүн «жаңы Кудаймын» деп эсептеген Арстан Алайдын уулу Төрөбай Арстанбековго 18-февраль күнү кол салуу болгон.

18-февраль күнү күнү болжол менен саат 15:30дар чамасында милицияга телефон чалуу түшүп, Бишкектин Көлбаев жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде эки жигит урушуп, бири тапанча менен коркутуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол замат эле милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 31 жаштагы К.К. жана 28 жаштагы М.П. аттуу эки адамды кармашкан. Алардан пневматикалык тапанча алынган. Бул факт ээнбаштык беренеси менен катталып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тапанча менен коркуткан адам ЖАМКда иштейт деген маалыматтар тараган, бирок, кийин белгилүү болгондой, кылмышка шектүүнүн ал ведомстводо иштебей турганы аныкталды.

Кийин жабырлануучу жигит Арстанбек Алайдын кичүү уулу, Төрөбай Арстанбеков экендиги белгилүү болгон.

Ал эми бүгүн, Төрөбай Арстанбековду тапанча менен коркутканга шектелген адам убактылуу кармоочу жайдан  үй камагына чыгарылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button