Дүйнө
Сауд Аравия умрага келгендерди өлкөгө киргизбей жатат

Сауд Аравиянын бийлиги умрага келгендерди өлкө аймагына убактылуу киргизбей туруу боюнча чечим кабыл алды. Тыюу салуу Мекке шаарына жана пайгамбардын Мединадагы мечитине дагы салынды.
Бул тууралуу Сауд Аравия падышачылыгынын тышкы иштер министрлиги билдирди. Андан сырткары Сауд Аравия бийлиги коронавирус чыккан мамлекеттердин жарандарын өлкөгө турист катары кирүүсүнө чектөө киргизди. Мындай кадамдар вирустун жайылып кетпеши үчүн жасалууда.
Abal.kg



