Ирина Карамушкина Атамбаевдин ордуна түрмөгө отурууга даяр экенин айтты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын ден соолугуна байланыштуу консилиум түзүлүшу керектигин президенттен талап кылышууда. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат борбору жазып чыкты.
Депутат Ирина Карамушкина мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна өзү түрмөгө отурууга даяр экенин айтты.
Карамушкинанын айтымында Атамбаевдин ден-соолугу олуттуу солгундап жатканына байланыштуу аны үй камагына чыгаруу керек.
— Мен азыркы президентке кайрылам, Атамбаевди кое берсин, анын ордуна мени отургузсун. Мен түрмөгө отурууга даярмын, досту сактап калышыбыз керек,- деди ал.
Депутат айымдын айтымында Атамбаевге жана анын тарапташтарына байланышуу сот процесси абдан узакка созулуп жатат.
Андан тышкары Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу консилиум түзүлүшү керектигин баса белгилеген.
Abal.kg



