Аравандагы цемент заводуна кытайдын 48 жараны келди
Аравандагы цемент заводуна Кытайдан 48 адис келди. Мындай маалыматта завод жайгашкан айылдын башчысы Жалалидин Нурбаев ырастады.
Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Араванга келип жаткан кытай жарандарынан коронавирустан улам чочулап жатканын билдииришкен болчу.
Айыл өкмөт башчы кытайдан келген жарандардын баары учурда карантинге киргизилген.
“Алар Кытайдан келгенден кийин эле 14 күнгө карантинге киргизилген. Дарыгерлер текшергенден кийин заводго кирүүгө уруксат берилди. Алардын бардыгы ишкананын чакыруусу менен февраль айында келген”, — дейт айыл өкмөт башчысы.
Эскертсек, Аравандагы цемент заводу 2018-жылы ноябрда
ачылган. Аны курууга жалпысынан 86 миллион доллар коротулган. Анда беш
мамлекеттин үлүшү бар. Алар: Кыргызстан, Кытай, Россия, Түркия жана Голландия.
Abal.kg