Пайдалуу кеңештер

Сулуу айымдар тууралуу 10 жаңылыш пикир

Коомчулук ажарлуу, сулуу айымдар тууралуу  ар кандай ойдо болушат. Сулуу айымдарда эч качан кыйынчылык болбойт, бардык маселени жеңил эле чечип алышат, эмнени кааласа ошого тез эле жетет, анткени алардын сырткы келбети жаратылыш берген сулуулугу ошого алып барат деп ойлошот. Бирок, сулуу айымдар биз ойлогондой дайыма эле ийгиликти багындырып, бактылуубу? Биз ойлогон сулуу айымдардын чыныгы маселеси менен таанышалы.

Ажарлуу айымдар  тууралуу коомчулукта айтылып жүргөн пикирлерди, уламыштарды иликтеп көрөлүчү.

№ 1. Сулуу айымдардын жүрөгүн бир да эркек оорута албайт

Белгилүү кино актриса Моника Беллуччи өзүнүн сулуулугу тууралуу буларды айткан:

“Менин жашоомдо көп эле жигиттер болгон. Бирок алар мени менен мамиле кура баштаганда алар сүйүп калгандай сезилет. Бирок алар менин сырткы келбетимди гана сүйгөнүн кеч түшүнөм. Ал эми түшүнгөн учурда тилекке каршы, мен анын сүйүүсүнө ишенип, өзүм да аны сүйүп калган болом.Ошентип далай жигит жүрөгүмдү ооруткан.”

Сулуу  адамдар менен көпчүлүк дос болуп, аны менен жакындагысы келет. Мисалы, кичинекей балдар деле өзүнө жашташ сулуу кыздар менен достошконду жактырышат, ал эми мугалимдер ажарлуу сулуу окуучуларын баарына жөндөмдүү деп ойлошот, ал эми чоң адамдар сулууларга суктануу менен карашат.

Эгерде адам сулуу болсо аны менен бардыгы достошкусу келип, дайыма жанында болот, эч ким анын жан дүйнөсүн оорутпагандай туюлат. Бирок, тилекке каршы  мындай сулууларга чын дилден  достошууда  жолтоо болчу нерсе,  бул белгилүү бир максаттарды көздөгөндөр болот.Көпчүлүк эркектер мындай сулуу айымдарга  анын артынан бычак сайса да ал эч нерсени сезбейт, бир жигит аны таштаса экинчиси табыла берет, анткени ал сулуу дегендей ойдо болушат. Албетте, ар бир жагымсыз окуя үчүн сулуу айымдын  жашоосунда кара так калаары турган иш.

№2. Сулуу айымга баары  жеңил табылат

Негизи көпчүлүк сулуу айымдар көп акча табышат жана карьералык тепкичтен да жеңил жана тез жогорулашат деп ойлошот.

Мындай сулуу айымдарды көрө албагандар абдан көп болот. Анын жашоосуна,  карьерасына да жолтоо болушат.  Эгер сулуу айым иштеген жерде жетекчиси аял киши болсо анда сулуу айымдын жашоосун тозокко айлантат.  Сулуу айымдын ар бир ишин текшерет, аны кысымга алат, ага кыжыры кайнап турат.

Ошондой эле сулуу айым иштеген жерде жетекчиси эркек болуп калса анда да чон маселе жаралат. Ал эркек сулуу айымды өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонгусу келет.  Сулуу айымдын чыныгы  адискөйлүгүн далилдөө да кыйынга турат. Себеби, ал  кызматты  же ишти так жана жоопкерчиликтүү аткарса да анын сырткы келбетине асылышат.

№ 3. Бул эч нерседен тартынбайт, анткени ал сулуу

Америкадагы белгилүү модель Камерон Расселл 16 жашында карьера жасап, белгилүү мода үйлөрү менен кызматташкан. Ал эл алдына чыгып мода көрсөтүп, көшөгөнүн артына чыкканда өзүнүн сырткы келбетине нааразы болгонун айтышат.  Атүгүл  бардык жерге чакырылган белгилүү моделдерде да өзүнүн келбетине  болгон ишеним кээде жоголуп кетет.

Колу буту узун, арык, бой келбети келишкен сулуу айымдар да дайыма өзүн башкаларга салыштырып, ага суктанып турушат.  Өзүнөн сулуу, жаш, ийгиликтүү айымдарга теңелем деп сырткы келбетинин камын көрүп атып, катуу ооруп, депрессияга кабылгандар да болот.

№ 4. Сулуу айымдар эч качан жалгыз калбайт

“Ал сулуу айым, анын жигити жок экенине ишенбейм, кантип эле анда бир да жигит жок болсун” деп айтышат.  Бирок тилекке каршы, көпчүлүк сулуу айымдарды көргөн эркектер кантип эле ушундай сулуунун жанында эч ким болбосун деп жанына да жолошпойт. Ушундай кырдаалда сулуу айымдар эч ким жок, жалгыздыкты башынан кечирген учурлар болот.

Сулуу айымдардын жашоосун иликтегендер анын сырткы келбети жакшынакай, кызыктуу, ажарлуу болгондуктан  анын жашоосу да башкалардыкына салыштырмалуу кызыктуу, бактылуу деп ойлошот. Коомчулукта азыркыга чейин сырткы келбети сулуу болсо ийгиликтүү жана бактылуу,  эч качан жалгыз калбайт деген пикир бар. Албетте, сулууларга суктанышат, бирок анын сулуулугу ага бактылуу жашоого кепилдик бере албайт.

№5  Сулуу болуп төрөлгөнү үчүн ал баарынан жолдуу

Ал жаратылышынан сулуу болуп төрөлсө да сырткы келбетине кам көрүп, фигурасын сактап туруу керек. Сулууларга дайыма көңүл бурулуп келет. Эгер ал келбетин карабай, катачылык кетирсе  чоң ушактын туу чокусуна айланат. Анткени сулууларга көз артып, ичи күйүп, көрө албагандар абдан көп болот.  Алардын кичинекей эле кемчилигин  чоң ушакка айландырып жиберишет. Ошондуктан сулуулар дайыма сырткы келбетине кам көрүп жүрүшөт. Билим менен таланттан айырмаланып сулуулукту дайыма узартып, көбөйтүү мүмкүн эмес.  Сулуулук бул байлык сыяктуу – аны бир заматта жок кылып алуу коркунучу бар.

№ 6. Сулуу айымдар муздак жана бардыгына бой көтөрүп карайт

Ажарлуу айымдар ак көңүл, назик,  камкор жана мээримдүү болушу мүмкүн.  Бирок, айрым сулуулар  ар кандай ушак айыңдан, башкалардын көңүл буруусунан чарчашы мүмкүн. Ошондуктан алар дайыма түз жүргөндүктөн, башкаларга муздак, керсейген, бой көтөргөндөй көрүнүшү ыктымал. Ошондон улам алар ушундай жашоого көнүп алышат. Алар коомчулукка өздөрүн таанытып, көрсөткүлөрү келбейт, башкалардын агрессияларынан, суук көз, суук сөздөрүнөн сактануунун жолу десек болот.

№ 7. Андай айымдардан эркектер коркушат

Ооба,  ушундай типтеги эркектер бар, алар сулуу айымдардан качышат. Анткени алар өздөрүн ал аялга жакындоодогу мүмкүнчүлүктөрүн  азайтып, ал  мага макул болбойт, мен ага тең эмесмин, мени кемсинтип карабайт деп чочулап турушат. Мындай сулуулардан корккон мырзалардын психологиялык мүнөзүнө саресеп салсак, алар өздөрүнө ишенишпейт.

№ 8. Анын сулуулугунан башка эч нерсеси жок

Коомчулукта сулуулук акылсыздыктын символу катары кабылданат. Бирок тилекке  жараша  сулуу кыздар мындай стереотипти четке кагып, далилдей алышты. Мисалы, “Мисс Англия – 2019” сулуулук титулун алган Бхаша Мукерджи беш тилде эркин сүйлөй алат, дарыгер болуп иштейт.  Мындай сулуу айымдар коомдо миңдеп саналат.

№9. Сулуу айымдардын талабы да жогору

Сулуулар эркектердин өздөрүн эмес, анын байлыгын, капчыгын карашат деп ойлошот. Ошондуктан  коомчулукта айымдардын «келбеттүү  жана бай адамды каалайм” деген сөздөр бар. Албетте ар бир айым келбеттүү жана бай, камкор эркек менен жашагысы келет. Андай мырзалардан эч ким баш тартпаса керек.  Ошентсе да сулуу айымдардын көпчүлүгү далай  мырзаларга жакса да, тандоосу көп болсо да  кадимкидей эле жөнөкөй, карапайым, сырткы келбети өзүнө татыктуу эмес, бай дагы эмес эркектерге турмушка чыкканын көрүп эле жүрөбүз.

№ 10. Сулуулар эл менен баарлашууда эч кандай маселе жаралбайт

Көпчүлүк учурда сулуулар тартынып, сүйлөбөй коюшса аларды бой көтөргөн же теңине албаган, орой деп эсептешет.  Анын сырткы келбетин көрүп эле  бул урушчаак деп да  ойлошот. Сулуу айымдын тартынчаактык мүнөзү бар экенин эч кимиси билгиси да келбейт.

Жыйынтыгында…

Сулуулук  адамдын жашоосун жеңилдетеби же татаалдаштырабы, сиз кандай ойлойсуз?

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button