Саясат

Кыргызстан менен Россиянын карым-катнашы бекемдөөдө

Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга болгон эки күндүк иш сапарынын алгачкы күнү, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.

Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелериндеги актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолукту.

Өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, ошондой эле соода-экономикалык, регионалдык коопсуздук, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

27-февраль күнү кечинде Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки мамлекет башчыларынын катышуусунда өттү.

Президенттер өздөрүнүн куттуктоо сөзүндөрүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштыктын рухун жана стратегиялык өнөктөштүктү белгилешти. Баардык тармактагы кызматташтыктын интенсивдүү динамикасын канаттануу менен белгилешти.

Ачылыш аземинде эки өлкөнүн чыгармачыл коллективдери жана искусство ишмерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button