Окуялар

Кыргыз жаранынан коронавирус табылды

Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандык  жаран коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Бул боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында 26-февралда  Япониядагы кыргызстандык тапшырган анализден коронавирус табылган. Бирок бул дарт эч кандай белгилери байкалбаган жеңил формада экен.

“Негизи кыргызстандыктын абалы азыркы учурда канааттандырарлык. Анда дене табы, жөтөлгөнү, ооруганы байкалган жок. Япондук медиктердин айтымында ал көзөмөлдө. Күнүгө канын, шилекейин, дене табын текшерип жатышат. Кыргызстандык Япониядагы медициналык мекеменин биринде дарыланып жатат. Япониядагы Кыргызстандын элчилиги ал жаран менен байланышып турат”,- деп айтти Нурлан Абдрахманов.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button