Коом

500 доллардан пара алган Нурлан Тамаев жоопкерчиликке тартылабы?

2018-жылы Нурлан Тамаев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын аскерлештирилген күзөт кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

Акыркы күндөрдө «Кыргыз темир жолу» ишканасынын аскерлештирилген күзөт кызматынын кызматкерлери басма сөз жыйынын өткөрүшүп, анда Тамаевдин бул жерге жетекчиликке келиши менен бардыгы тескери жагына оогондугун кабарлашты. Алардын айтуусунда, жамаат буга чейин биримдикте иштеген, ынтымактуу, бири-бирине ишенишкен жамаат болгон. Бирок, Тамаев келгени ынтымак ыдыраган жана массалык түрдө кызматтан бошотуулар болгон.  Кызматкерлер алардын жетекчиси Нурлан Тамаев тажрыйбалуу адистерди өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө мажбурлай баштагандыгын, алардын ордуна тажрыйбасы жок, даярдыктан өтпөгөн адамдарды алып келип жаткандыгын билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2018-жылы ал 68 адамды иштен бошоткон, ал эми 2019-жылы 70тен ашык кызматкер иштен бошогон. Кадрлардын мындай агымы начальниктин жакшы жетекчи экендигинен күмөн санатат. Тамаевдин көчөдөн эле адамдарды алып келип ишке алганы, ишкананы акча таба турган жайга айландырып, жумуш орундарын сатып жатат деген фактыны ырастап тургандай. Аскерлештирилген күзөт кызматындагы иш орундарына дайындалуу үчүн талапкерлер 500 доллар көлөмүндө акча төлөп келишкен. 

Темир жол күзөтүнүн кызматкерлери көп жолу укук коргоо түзүмдөрүнө, ал тургай башкы прокуратурага дагы өздөрүнүн жетекчисинин ишине баа берүү өтүнүчү менен кайрылып келишкен. Өз кезегинде, көзөмөлдөөчү орган кызматкерлердин арызын транспорттук прокуратурага өткөрүп берген. Жыйынтыгында аскерлештирилген күзөттүн жетекчиси болгону сөгүш гана алган, бул дагы бир ай өткөндөн кийин. Темир жол күзөтүнүн кызматкери Медер Качиев: «Кыргыз темир жолунун» Башкы директору Нурлан Тамаевдин ишине көңүл деле бурбайт. Биздин арыздарыбызды бири-бирине түртүшүп. Эч ким деле жооп берген жок», — дейт. Качиев андан тышкары Н.Тамаевдин кесипкөйлүгү жок экендигин көрсөткөн бир окуяны айтты.

«2019-жылдын 4-декабрында УКМК ККК окутуу-машыктыруу иш-чарасын өткөргөн. Радиотүйүн жайгашкан штабдык вагонго мина алып келишти. Мунун алдында ал жакка алып барат деп эч ким деле ишенген эмес да, эки миң сом беришти дагы жардыргычты алып кетишти. Бул вагонго катты дагы алып кирүүгө болбойт, бирок бүгүнкү күнгө чейин бул үчүн кызмат адамдарынын бирөө дагы жоопкерчиликке тартылган жок.  Балким бул чыныгы мина болуп, кырсык болуп кетсечи», — дейт Качиев. Ал мындай кайдыгерлик үчүн аны кызматтан бошотуу керек деп эсептейт, бирок аны эч ким жоопкерчиликке тарткан эмес.

Белгилей кетсек, мина коюу фактысы боюнча териштирүү иштери жүргөн. Жоопкерчиликке эки узатуучу тартылышкан жана азыраак эмгек акылуу кызматтарга которушкан, ал эми алар баш ийген вагондун начальнигине сөгүш берилген. Ушундан улам өзүнө ишенип берилген жердеги коопсуздукту камсыз кылуу анын түздөн-түз милдетине кирген аскерлештирилген күзөттүн начальнигин эмне үчүн жоопкерчиликке тартышкан эмес деген суроо жаралат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button