Аялына бензин чачып, өрттөп өлтүргөн адам кармалды
Чүй облусунун Сокулук районунда аялын өрттөп өлтүргөн мас күйөөсү темир торго отургузулду. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымат кызматы билдирди.
Окуя 12-февралда болгон. 42 жаштагы аял денесиндеги күйүктөн улам оорукананын жандандыруучу бөлүмүнө жаткырылып, эртеси күнү эле денесиндеги күйүктөн улам каза болгон.
Ошол каргашалуу күнү 46 жаштагы күйөөсү мас абалында келип, тамак даярдап берүүгө аялына буйрук кылган. Аялы плиткага тамак жасап жатканда мас күйөөсү эртерек даярдабайсыңбы деп кыжыры келип, аны ур-тепкиге алып, үстүнө бензин куюп жиберген. Плиткага тамак кеч бышкандыктан күйөөсү тамакты газга бышыр деп кыйкырып, урушкан. Аялы тамакты алып, газга коюп, ширенке күйгүзөөрү менен өзү өрттөнүп кеткен.
Тирүүлөй өрттөнүп аткан аялды дароо өчүрө албай, бир топ убакыт кеткен. Андан кийин денесинен дээрлик бардык жери күйгөн аял эстен танганда гана ооруканага алып барышкан.
Жандандыруучу бөлүмгө жаткырылган аял эртеси күнү эле эсине келбей каза болгон.
Учурда аялына бензин куюп, өрттөп өлтүргөн күйөөсү темир торго отургузулуп, сурак берип атат.
Abal.kg