Коом
“Эйр Манас” компаниясы 1-марттан тарта Ошко болгон бардык каттамдарын токтотот

“Эйр Манас” авиакомпаниясы 1-марттан тарта Бишкек – Ош багыты боюнча бардык каттамдарын токтотот. Бул тууралуу Жарандык авиациядан кабарлашты.
Мындай чечим өндүрүш иштерине байланыштуу кабыл алынган. Март айына билет алган жүргүнчүлөрдүн бардыгына акчалары толук кайтарылат.
Аталган компания былтыр күзүндө дагы Ошко болгон каттамдарын техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам токтоткон. Анда учактын тетиктерин чет мамлекеттен алып келүү созулуп кеткен.
Abal.kg