Коом
Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча 6331 дарыгер атайын окуудан өттү

Дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан улам анын Кыргызстандын аймагында жайылуусуна жол берөө максатында 6331 дарыгер атайын окуудан өткөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында айтты.
Министр дарыгерлер оорулууларга кандай мамиле кылуу керектигин, дарттын алдын алуу жана аны дарылоо принциптери боюнча билимин ыкчам программа менен жогорулатышкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү коронавирустун алдын алуу боюнча окуулар билим берүү системаларын дагы камтагын. Анын алкагында 683 мектепте, 83 кесиптик окуу жайларда, 152 бала бакчада өткөн. Андан сырткары 8 527 мугалим, 112 миң 21 бала окутулган.
Abal.kg