Коронавирус. Акыркы маалыматтар. Дүйнөгө тамыры жайыла баштады

Дүйнө жүзүндөгү коронавирус тууралуу акыркы үч саат мурунку маалыматка таянсак бул Кытайда бул илдеттен каза болгондордун саны 2900гө чукулдап калды. Ал эми ооруну жуктуруп алгандар 83390.
Коронавирус дүйнөнүн 46 мамлекетине жайылды. Европада бул вирусту жуктуруп алгандардын саны 774, ал эми каза болгондор 19 кишиге жетти.
Италияда коронавирусту жуктуруп алгандар 650 киши. Украинада азыркы тапта беш киши катталды.
Японияда бул вирустан чочулап, бет капсыз чыккандарга тыюу салына баштады.
Ал эми Германияда бир сутканын ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны эки эсеге өстү.
Иранда коронавирус жуктургандардын саны 142, бул илдеттен өлгөн адамдардын саны 22ге жетти.
Кувейтте учурда вирус жуктурган 43 адам аныкталды.
Индияда азыркы тапта жүздөгөн оорулуулар карантинде, изоляцияда дарыланышууда.
Андан тышкары коронавируска чалдыгып, айыгып чыккандар экинчи жолу ооруп жатканы маалым болду.
Дүйнөнү дүңгүрөтүп, коркунучка салган коронавирус катталган бир нече өлкөлөрдө коомдук жайларга элдин баруусуна тыюу салынып, мектеп, бала-бакчалар дыкат текшерилип, айрым өлкөлөрдө карантинге жабыла баштады.
А
Abal.kg