Коом

Борбор калаага коюла турчу Бишкек баатырдын эстелигинин сүрөтү

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр. Бул тууралуу “Бишкек баатыр” коомдук бирикмесинин төрагасы Жамиля Алымбекова билдирди.
Анын айтымында, эстеликти жасоого бир жарым жыл кеткен.

“Аны колодон куйдук. Учурда ангарда турат. Бийиктиги 3,5 метр. Андан сырткары коюла турчу фундаменти 1,3 метрди түзөт. Эстеликти Бишкекте жасашты. Учурда ал коюла турчу жерди даярдап жатабыз”, — дейт Алымбекова.

Эстеликти скульптор Адил Сейталиев жасады, ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын чыгыш тарабына апрелдин орто ченинде коюлат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button