АКШда коронавирустан биринчи киши каза тапты. Иранда оорукананы өрттөштү

29-февралда Вашингтон штатында коронавирустан (COVID-19) биринчи киши көз жумганын штаттын саламаттык сактоо өкүлдөлүнүн билдирүүлөрүнө таянып АFР маалымдады. Ошондой эле бул маалыматты Reuters да таратты.
Чиновниктер каза болгон адам тууралуу кыскача пресс-релиз таратуу менен гана чектелишти. Пресс-конференция кийинчерээк өтөрүү маалым болду.
Калифорния, Орегоне жана Вашингтон штатынын саламаттык сактоо органдары үч бейтаптын белгисиз жагдайларда инфекция жуктуруп алышканына, ошондой эле АКШнын Батыш жээгинде бул тумоонун тарап атканына тынсызданууларын билдиришкен.
29-февралда Мексикада коронавирус жуктурган биринчи оорулуу тууралуу маалымат тарады.
Ирандын Бендер-Аббас калаасында жергиликтүү тургундар, коронавирус жуктуруп алгандар алынып келип дарыланып атышат деген каңшаар менен ал жердеги оорукананы өрттөп ийишкен (!). Имараттын бир бөлүгү өрттөнүп, бейтаптар жабыр тартканы же тарпаганы белгисиз бойдон калууда.
Бүгүнкү күнгө карата, дүйнө жүзү боюнча:
60 өлкөгө тамырын жайды.
86 013 киши жуктурган.
2 941 киши көз жумган.
39 782 киши айыгып чыгышкан.
Abal.kg