Энеси баласын тирүүлөй кремациялоодон (сөөгүн өрттөөдөн) сактап калды

XXI кылым экенине карабастан врачтардын жаңылыштыгы дагы эле жоюла элек. Дарылоочу мекемелер азыркы замандын эң мыкты аппаратуралары менен жабдылса дагы, диагноз коюу жана бейтаптардын саламаттыгын камсыздоо жагынан адамдык фактордун калпыстыктарынан арылган жок.
Маселен, АКШда медициналык жаңылыштыктар адам өлүмүнө алып келчү кокустуктардын катарында үчүнчү орунду ээлейт. Врачтын жаңылыштыгы боюнча АКШда жылына 250 миң окуя катталат.
By Fabiosa билдиргендей, Индияда 18 жаштагы боз уланды өлдү, деп аз жерден тирүүлөй кремациялап кое жаздаган окуя болуп өттү. Оорулуу денесинин табы (температурасы) өтө жогору болуп, кускандыктан гепатиттен жабыркаган болуш керек деген түкшүмөл менен ооруканага жаткырылган. Бир нече убакыттан кийин уландын абалы өтө начарлап, комага түшүп кеткен. Бир жума өткөндөн кийин врачтар уландын ата-эне, ага-туугандарына, уулуңардын мээси иштөөсүн токтотту (функциясы бүттү) деген диагноз менен үйгө чыгарып беришкен. Энеси уулун үйүнө алып келгенден кийин, убактылуу болсо да жашоо жышаанын камсыздап туруучу системадан ажыраттырбай койгон.
Үй-бүлөсү менен туугандары уланды эми тирилбейт дешип, үмүттөрүн үзүшүп, кремациялоого даярданып жатышканда, апасы баласынын көзүнүн кычыгынан бир тоголок мөлтүр жашты көрүп калат! Чакыруу боюнча келген врач баланын тирүү экенин, жүрөгү согуп атканын күбөлөндүрүүгө аргасыз болгон. Уланды кайрадан ооруканага алып барып жаткырышкан. Үч күндөн кийин ал эсине келген.
Abal.kg