Көркөм фильмдин сценарийлерине сынак жарыяланды

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Мыкты сценарий” сынагына сынак жарыялады.
«Көркөм фильмге ылайык жазылган сценарий мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк салттарды сактоо, келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темаларына байланыштуу болушу керек», — деп жазылат маалыматта.
Катышуу тартиби:
— «Мыкты сценарий» сынагына КР жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар, журналисттер катыша алышат;
— катышуучу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин кароосуна сунушун кат менен конвертке чапталган түрдө берет. Конверттин бетинде катышуучунун аты-жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана «Сынакка» деп жазылыш керек.
Талаптары:
— беш нускадан турган киносценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;
— сценарий мамлекеттик жана расмий тилде болушу шарт;
— сценарийдин көлөмү 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);
— шрифти — 12 Times New Roman.
Сынакка катышуучулар сценарийди Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына жиберишет. Киностудиянын дареги — Бишкек шаары, Динара Асанова көчөсү, 1. Байланыш телефондору: 344-569, 344-626.
Сценарийге арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 20-март.
Abal.kg