Коом

Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг башталдыбы?

Бүгүн 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун жактоочулары тынчтык митингин өткөрүү боюнча Бишкек мэриясынан уруксаат алышкан. Митинг саат 10:00дө өтмөк.

Бирок уюштуруучулар кечээ интернет тармактарына митинг саат 13.00дө өтөт деген чакырыктарды жазышкан.

Кечээ Бишкекти карай Ысык-Көл облусунан 20 автоунаа Кыргызстандын желегин көтөрүп келаткан видеолорду тараткан. Ал эми  интернет тармактарында Жапаровду колдоо тынчтык митингинен башка да акция болушу күтүүлөрү тууралуу ар кандай чакырыктар болгон.

Абакта жаткан Садыр Жапаров кечээ коомчулукту митингге чыкпоого чакырып,  билдирүү тараткан эле.

Бүгүн КР ИИМ Басма сөз кызматы митингге чыккандар мыйзам бузса катуу жазаланары тууралуу  маалымат таратты.

Учурда Ала-Тоо аянтында абал туруктуу, коомдук тартипти сактаган милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button