Коом
Бишкектеги митингге 500дөй киши чогулду

Учурда Бишкектин Ала-Тоо аяндында Садыр Жапаровдун боштондугуна карата митинг болуп жатат. Акыркы маалыматтарга караганда ага 500дөй адам чогулду.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров тарапташтары Ысык-Көл облусунун ар бир районунда митинг өткөрүшкөн. Бишкекке 2 миңдей кишини чогултууну убадалашууда. Бирок, митингге аз гана адам чогулганын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, кечээ Садыр Жапаров өзү каршылык акцияларын өткөрбөө өтүнүчү менен кайрылган эле.
Abal.kg