Садыр Жапаровду колдогондорду үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпейби?
Бакиевдер каржылаган Садыр Жапаровду колдоо митингинде Жалал-Абаддан келген бакиевчилер жүрөт
Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгаруу боюнча болуп жаткан талаптар, митингдер тууралуу социалдык түйүндөрдөгү кайчы пикирлерден, жаатташып айтышуулардан улам мыйзам ченемдүү суроолор көптөрдүн башын оорутуп жатса керек. Алардын айрымдарын гана тизмектейли:
— Башыбыздан эки революция өтүп, кан төгүлсө деле укуктуу мамлекетте жашаганга качан үйрөнөбүз?
— Эгер сизди соттун чечими канаатандырбаса, аны көчө жолу менен эмес, кайра сотко кайрылуу жолу менен чечсе болбойбу?
— Сөзсүз эле көчөгө чыгып, элдин башын айлантып, далили жок куру кыйкырыктар менен чыгышыбыз керекпи?
— Мындай абалды – Садыр Жапаровдун тарапташтарынын нааразычылыктарын, балким, үчүнчү күчтөр – өлкөдө туруктуулукту каалабагандар пайдаланып кетсе эмне болот?
— Бүгүнкүдөй жанталашкан заманда, орустар айтмакчы, “Время – деньги” болуп жатканда, ансыз да митинг, пикеттерден тажаган эл жөн эле же ачык айтканда, акчасыз чыга койбойт го?
— Кечээ эле көчө демократиясынан парламенттик демократияга өттүк, бардык маселелерди жок дегенде элдин ишенимин алып шайланып келген депутаттар парламентте чечет деген жакшы саамалыктарды сиз жана мен эстен чыгардыкпы?
— Балким парламенттин кароосун талап кылып, парламентте каралса кантет?
— Буга эл депутаттары эмне дейт?
Мына ушундай суроолорду эмне үчүн талдап, ойлоно албаган элибизге түшүнбөйбүз, балким чын эле акча сунуштап митингге эл чыгарып, абалды курчутуп жаткандыр деп ойлонгуча интернет айдыңында депутаттардын пикирлери жарыялана баштаптыр.
Маселен, депутат Аида Исмаилова экономикабызга зыян келтирүүчү митинг-пикет, революцияларды токтотуу керектигин айтып, митингдерге каршы экенин, бардык маселелерди тынчтык менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү зарылдыгын баса белгилеген.
Ал эми депутат Руслан Казакбаев тынчтык митингине чыгуу ар бир адамдын укугу, бирок митинг мыйзам чегинде өтүшү керек дейт. Казакбаев С.Жапаров боюнча мыйзам алдында жөнөкөй жаран, президент же депутат баары бирдей деп, сот кандай чечим алса, ага доо арыз кайра эле мыйзам чегинде болуш керектигин, эркиндигинен ажырагандарды бошоткула деген талап менен чыгуунун өзү демократияны анархияга айлантууга алып келерин эскерткен. Бир топ депутаттар дагы баары мыйзам чегинде болуусу керек деген пикирлерин билдиришкен.
Эми ойлорун эркин билдирген социалдык түйүндөргө баш баксак. Анда С.Жапаровдун колдогондордун митингине терс көз караштарды билдирген жөнөкөй эл нааразычылыктарын жаадырып жатыптыр. “Митингдерден көңүлүбүз үч көчкөн журттай калды, тынч жашагыбыз келет, ызы-чуу, митинг, пикеттерден тажадык” дешкен пикирлер көп экен.
Чынында эле айылдагылардын жаз жарыш маалында кылаарга иши жокпу? Болбосо аймактардан эл жаздын бир күнү жылга тете болгон маалда митингге келеби же башка кызыкчылык барбы?
Мындай логикалык суроолорго ыктасак, чынында эле акча менен тартылгандай. Ага кошумча, каражат Бакиевдерден келди деген пикирлер көп айтылып жатат. Кайра бийликке келем деген максат менен өлкөнү ушундай башаламан абалга алып келүүдөн кайра тартпайт ал киши. Мисалы, Аида Исмаилова бул митингге акча каражаты сырттан келип, каржыланды деген оюн так-кесе билдирди.
Интернетте бул митингге Жалал-Абаддан Бакиевдин кишилери келгени да желдей тарап кетти. “Калк айтса, калп айтпайт”.
Сабырбек Акматалиев