Коом

Шаардыктар мародёлордон чочулоодо. Милиция митингчилерди суу менен атып таратууда

Учурда Бишек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери менен милициянын кагылышы орун алууда. Митингчилер Ак үйдү көздөй багыт алган учурда милициянын атайын күчтөрү суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Учурда митингчилер чыгышты көздөй качышты.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өтүп жаткан.

Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен.

Милиция борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтына чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтарын суу менен аткылап тарата баштады.

Акция бүгүн, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында башталган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, митингге 1000ге чукул адам чогулган.

Буга чейин акцияга катышкандардын бири Бакай Кашкарбаев митингчилердин бир катар талаптарын санап берген:

  • Амнистия колдонуу менен Садыр Жапаровду бошотуу;
  • Сапаттуу соттук реформа жүргүзүү;
  • Насыяларды жеткиликтүү кылуу;
  • Чек ара маселесин чечүү;
  • Коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү.

Президенттин аппаратынын өкүлү митингчилер менен жолугушкан. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун айтымында, аткаминерлер үч күндүн ичинде митингчилердин өкүлдөрү менен Сооронбай Жээнбековду жолугуштурууга аракет кылмай болгон. Бирок акцияга келгендердин бардыгы буга макул болбой аянттан кетпей жатышкан.

Кеч кирип келе жаткандыктан шаардын эли морадерлук болуп кетпейби деген чочулоолорун социалдык тармактарга жазып, тычсызданып жатканын билдиришкен эле.

Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө митингге чыккан элди мамлекет суу жа көздөн жаш агуучу каражаттарды жардырып, басышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button