Экс-элчи: «Кыргызстанда коронавирус жок экенине ишенесиңерби?»

Түштүк Кореядагы Кыргызстандын экс-элчиси Кылычбек Султанов Кыргызстанда коронавирус жок экенине дале ишенесиңерби деп фейсбук баракчасына жазды.
Ал Гонконгдон Бишкекке келген кызды карантинге жаткырбай койгонун айтат.
Алматы менен Бишкек шаарларындагы аэропорттордо коронавируска карата көзөмөлдөрдүн айырмачылыгын жазган. Ал жакында эле Алматы аркылуу Кыргызстанга учуп келгенин айтып, эки өлкөнүн аэропорттогу коронавирусту текшерүү көзөмөлүн салыштырган.
Алматыдагы аэропортто ар бир учактан түшкөн жүргүнчүлөрдү кылдат текшерип, кабинадан чыгарышпаганын, атайын жабдыктар менен текшергенин жазган.
Ал эми Бишкектеги аэропортто бардык жүргүнчүлөрдү кое бергенин айткан.
Манас аэропортунда жүздөгөн жүргүнчүлөр бири-бири менен жакын тургандыктан ооруну жуктуруп алуу кепилдиги жок экенин баса белгилеген.
Андан тышкары Казакстанга келген жүргүнчүлөр атайын анкетаны толтурушкан, ал эми Кыргызстанда андай анкета толтурган эмес.

“Казакстанда чет өлкөдөн келгендерди кылдат текшерип, 14 күн карантинге алышат, учурдагы кооптуу делген он чакты өлкөлөрдүн арасында Гонконг шаары да бар. Ал эми биз менен кошо Гонконгдон Алмата аркылуу келген кызды текшеришкен жок. Ал Караколго кетти” деп жазган.
Abal.kg