Коронавирус. Бишкектеги коомдук жайлар дезинфекцияланууда

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору «Ош» жана «Аламүдүн» базарларындагы бир катар павильондорду, соода түйүндөрүн, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагын, №5 мончосун коронавируска каршы дезинфекциядан өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
«Дордой транс» жана «Совет бригада» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.
Бишкектеги «Айчүрөк», «Автордук мектеп», «Рефал» жана №71 мектептин окуучулары менен, Ленин районундагы мечиттердин имамдары жана «Имам Сарахсий» медресесинин тарбиялануучулары менен вирустардын алдын алуу боюнча баарлашууларды уюштурушту.
Мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.
Эскерте кетсек, учурда Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 90 миңдей адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. Үч миңдей адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.
Кыргызстанда коронавирус катталган жок.
Abal.kg