Атамбаевдин ордуна түрмөгө отургусу келген Карамушкина Фейсбуктан үн катты

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп өттү. Жыйынга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова катышты.
Ошондой эле Атамбаевдин тарапкерлери Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев жеткирилди.
Экс-президенттин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, сот залында тийиштүү шарттар жок болгондуктан, жыйын башка күнгө жылдырылды.
Ал эми депутат Ирина Карамушкина бүгүн фейсбуктагы баракчасына 2019-жылдын 7-8-августуна Кой-Таштагы окуя боюнча сот процесси башталганын, Атамбаев Батукаевдин кылмыш иши боюнча жана анын кол тийбестигин алып салгандыгы мыйзамсыз экенин, ошондуктан жооп берүүдөн баш тартып жатканын, бирок бул жерге эң кыйын адвокаттар катышып жатканын айтып, бул сот процесси Кыргызстандын тарыхында кала турганын, ал эми аларды жактаган адвокаттар профессионалдык тепкичтен өсөөрүн жазды. Андан тышкары алар жактаган адвокаттар сөзсүз жеңишке жетерин айтып мактады.
Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Abal.kg



