Окуялар
Жылкы уурдап, эл тоногон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Баткен облусунда ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран кармалды.
Маалымат боюнча колго түшкөн жаран 22 жаштагы С.Н. буга чейин да эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган. Ал беш жылкыны уурдады деп издөөгө алынган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен сотко чейинки териштиүү башталган.
Шектүүнү кармоо учурунда жанынан автомат, тапанча, бычак жана кара беткап алынган.
Учурда тийиштүү эскпертиза дайындалып, шектүү убактылуу
кармоо жайына киргизилди.
Abal.kg