Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын динчилдер тууралуу тарткан сүрөтү талкууга кабылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтчү кызы Алия Шагиева Инстаграм баракчасына философиялык ой толгоо жазып, динчилдер тууралуу карикатура тартып, коомчулукка жарыялады.
Ал: “Эгерде сен эки жүздүүлүккө каршы болсоң он тарапты ачып көр да лайк бас! Ислам жана башка диндерге таптакыр каршы эмес экенимди кошпой кое албайм. Адам кандай жолду тандап албасын, дин аркылуубу же динден тышкарыбы — кайсынысы болбосун жакшылык жана сүйүү үчүн жасалышы керек. Адамга жана анын тегерегиндегилерге бакыт алып келсин. Принциптер фанатизмге айланып кеткени жана адам баштаганда баарын бир жакшы нерсе үчүн аракеттенгени, бирок ар бир киши үчүн өзүнүн “жакшы” жана жаманы” бар экенин түшүнө албаганы кейиштүү, а идеяларды таңуулоо жана агрессивдүүлүк дүйнөгө мындан да көп жамандыктарды алып келет. Эгер дүйнөнү жакшырткың келсе биринчи кезекте өзүңдү жакшырт. Рахмат, түнүңөр бейпил болсун!”- деп жазды.
Алия айым тарткан сүрөттө жарымы жылаңач киши, жарымы молдо, колунда Куран китеп кармап турат. Динге берилген бир эле адамдын эки жүзү тартылган.
Алия айымдын бул сүрөтү коомчулукка ар кандай пикирлерди жаратууда. Бирок анын жазганы маанилүү экенине да пикир жазышты.



