Коом
Коронавирус. Таласта майрам белгиленбей калды

Талас облусунда ак калпак күнүн белгилеген иш-чара болбой калды. Бул тууралуу облус жетекчиси Марат Мураталиев билдирди.
Ага ылайык, ак калпак күнү белгилөө мурда алдын ала пландалган, бирок коронавирус эпидемиясынан улам аны белгилөөдөн баш тартылган.
“Албетте бул нерсе убатылуу гана, дүйнөнүн бир канча жеринде коронавирус чыгып жатат. Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунда тыкыр көзөмөл жүргүзүлүүдө”, — деди ал.
Облус жетекчиси улуттук баш кийимди сыйлоо керектигин, анткени ал кылымдардан кылымга кыргызга мурас катары берилген таберик экенин кошумчалады.
5-мартта Кыргызстанда ак калпак менен улуттук кийимдерди даңазалоо күнү катары 2016-жылдан тарта белгиленет.
Abal.kg